Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Курултайы

12 Декабря 2018

                                                                                                               

Чакырылгандар -160

Катышкандар – 159

Катышпаганы – 1

Сүйлөдү: А. Албекенов-айылдык кенештин төрагасы

                  Саламатсыздарбы  Урматтуу делегаттар, Курултайдын катышуучулары!

          Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана жергиликтүү коомдорунун Курултайынын тартибине ылайык, бүгүн 2018-жылдын 16-февралында  Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомдорунун Курултайына 160 делегат чакырылган,  ал эми 159 делегат катышууда.

          Бүгүнкү Курултайдын жүрүшүндө  Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожомкулов Калмырза Медеркулович жана райондук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышууда.

          Кворум бар, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомдорунун Курултайы ачык деп жарыяланат.

(Гимн коюлду)

Анда эмесе президиумду шайлап алууну сунуштайм:

 

Урматтуу Курултайдын катышуучулары Сиздерге президумга төмөндөгүлөрдү сунуштайм:

1.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожомкулов Калмырза Медеркуловичти;
2.Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичти
3.Кочкорбаев айыл Кенешинин төрагасы Албекенов Адилет Болотбековичти
4.Айыл тургуну  Иманкулова Батма Жуматаевнаны
5.Айыл тургуну  Абиров Бакир атаны сунуштайм

Добушка коюп койсок:                      

Макул-159,  каршы –жок , калыс – жок

Анде келип президиумдан орун алып берүүңүздөрдү суранабыз.

Анда күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырып койсом.

Күн тартибинде каралуучу маселе:

“Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчету, баяндамачы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбекович.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата  социалдык экономиканы  өнүктүрүү боюнча планын кабыл алуу боюнча.
Артыкчылыктуу маселелер айылдын ички жолдор

        

Курултайдын регламентин сунуштайм:

Биринчи маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын докладына 30 мүнөт
Суроо бере турган жарандарга 5 минут убакыт
Курултайды саат 11.30 да аяктоону сунуштайм.

 

 Добушка коюп койсок:

 Макул-159,  каршы –жок , калыс – жок

 

Айыл аймагынын социалдык–өнүгүп өсүшүнө салымын кошкон, апаларыбызга, аталарыбызга “Ардак Грамота” тапшыруу үчүн  Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбекович чакырылат.

Керимкулов Э. К.-айыл өкмөтүнүн башчысы

Бизде көптөгөн жылдар бою эмгек кылып, бүт өмүрүн, жаштыгын айылга арнаган,  ардактуу эс алууга чыккан айрым тургундарыбызга “Ардак Грамота”  жана акчалай сыйлык тапшырып коелу:

Адиков Усеин Раимкулович
Жангазиева Сагын
Бейшебаев Жеңишбек
Солтобаева Халида Жексенбаевна
Суранчиева Минара
Осмонова Гульдар Айдыновна
Магометов Ильяс Сулейманович
Райкеев Мырзабек
Турдубекова Шаимкуль
 Журбина Людмила Петровна
 Каражиева Раиса Алиевна
Караев Альяс Исмаилович
Гасанова Лабиса Джабриевна
Кулмурзаев Жылкычы
Абдралиев Сатыгул
Отунчиева Жакин
Ормонкулова Жумабубу
Койчукеева Зарыл
Ибраимова Гульбатун Муштаховна
Мусаева Анипа
Макарова Надежда Николаевна

 

 Ошондой  эле, Солтобаева Кенжегуль Белековнаны Кочкорбаев айыл өкмөтү 2017-жылдын жыйынтыгы менен билим берүү системасында  мугалимдик кесипти аркалап, окуучуларга билим, тарбия берүүгө болгон күч-аракетин жумшап, үзүрлүү эмгектенип жатканын эске алып, ак ниет эмгеги  жана өз милдетин  сапаттуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйлайт.

 

Сүйлөдү:  А. Албекенов-айылдык Кенештин  төрагасы

Сөз кезеги  “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчетун баяндоо үчүн Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичке берилет.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкулов “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчетун баяндап берди. (Отчет тиркелди)

 

Сүйлөдү: А. Албекенов  –айылдык кенештин төрагасы

 Урматтуу айыл тургундары, урматтуу делегаттар,  Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчету боюнча  кимде кандай суроолор жана сунуштар бар?  Жазуу түрүндө да кайрылсыңыздар болот. Кагаз, калем таратылган.

Жазуу  түрүндө кайрылуулар болду:

Суроо: Байсалов Данияр Сапарбекович –Кенеш айылынын тургуну

Кенеш айылындагы Ч. Айтматов көчөсү качан трансформация болот жана ошол эле көчөгө электр –энергиясы боюнча маселе качан чечилет?

Жооп: Ысык-Ата райондук мүлктү мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы – М. Шамшиев

Албетте, бул жер канча жылдан бери эле келе жаткан маселе, бул жер учурунда  трансформация кылынбай туруп, тургундарга турак жай салууга бөлүнүп берилип калган. Ал эми азыр болсо өзүңүздөр билесиздер. Жерлерге мораторий коюп койгон. Бул маселе Жогорку Кенеште гана чечилет, буйруса бул маселе жакынкы арада чечилет деп ишенем.

 

Суроо: Кенеш айылынын тургундарынан

Кенеш  айылына аптека керек? Экинчи суроом Кенеш айылына деле бала-бакча болсо ашыкча болбойт эле?

 

Жооп: Э.  Керимкулов – айыл өкмөтүнүн башчысы

Биринчи суроо боюнча айтып кетсем, аптека ачыш үчүн лицензия керек, ошондой лицензиясы бар болуп, ачам деп суншу бар болсо, биз имарат таап беребиз.

          Ал эми экинчи суроого жооп берсем, жергиликтүү бюджет кичинекей болгондуктан азырынча бала бакча ачканга кудурет жетпет, бирок бул стратегиялык перспективдүү пландарга кирет.

 

Суроо: Шукуров Абдуталип – айыл  имамы

Биздин айылдын  ички жолдор абдан начар мисалы: Бекназарова, Турдубекова, Т.Осмонова, Панфилова грейдерлешкерек жаны башка көчөлөрду гравий тогушкерек

Жооп: Э. Керимкулов –айыл өкмөтүнүн башчысы

Бул  маселе былтыр эле көтөрүлүп,  айылдын көчөлөрүн абалын билебиз. Албетте бул чоң приоритеттик маселебиз, бюджеттен акча каралып жатат, бирок салым тартууга аракет кылабыз, биз корунун менен иш алып барабыз.

Суроо: Чекирова Мадина

МТФнын жолуна жасалма тегиз эместик (лежачий полицейский) жасап берсеңиздер жакшы болмок?

Жооп: Э. Керимкулов –айыл өкмөтүнүн башчысы

МТФнын жолу боюнча жогорку органдарга официалдык түрдө кат аркылуу кайрылганбыз. 2018-жылы буйруса жолуна толугу менен оңдоо иши жазалат. Ошол оңдоо иши аткарылып жатканда тиешелүү мекемелерге кайрылып, жасалма тегиздик эместик жасатууну аткарабыз.

Суроо: Осмоналиев Баатыр-Кенеш айылынын тургуну

Саламатсыздарбы, мен Сиздин отчетунузда былтыркы жылы футбол оюнуна 5000 сом бөлүп бергениңизди уктум. Бирок быйылкы жылы мына футбол боюнча кубок жүрүп жатат. 10 000 сом төлөп ойноп жатабыз. Эмнеге Сиздер тараптан колдоо көрсөтүлбөйт? Мен жардам сурап айыл өкмөтүнө 3 жолу келдим, эч ким жардам көрсөткөн жок.

Жооп: Э. Керимкулов –айыл өкмөтүнүн башчысы

Сиз жаңылыш  айтып жатасыз, биз спорт боюнча кайрылган бир да кайрылууну жоопсуз калтырган эмеспиз. Мына быйыл эркин күрөш боюнча машыктыруучу Р. Качкимбаев кайрылды, биз акча каражатын берүүнү пландаштырып жатабыз. Эгерде силер кайрылсаңар деле биз жардам көрсөтмөкпүз. Мен жеке өзүм сиздин кайрылганыңызды көргөн жокмун. Ал эми кат жүзүндө кайрылсаңыздар, сөзсүз түрдө жардам берилет.

Суроо: Осмоналиев Баатыр-Кенеш айылынын тургуну

Анда кимге кайрылса болот?

Жооп: Э. Керимкулов –айыл өкмөтүнүн башчысы

Мен жумуш ордунда жок болуп калсам, жооптуу катчы Л. Суюнтбековага арызыңызды калтырып кетсеңиз болот.

 

 

 

Суроо: Элгондиев Туратбек-  Кенеш айылынын тургуну

Менин суроом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожомкулов Калмырза Медеркуловичке берилет эле. Урматтуу Калмырза Медеркулович – биздин айыл аймагындагы Чоң Чүй каналынын үстүндө ГФСУнун жерлерин ижарага алып колдонушат, ошол жерди эмнеге жайыт кылып бербейсиздер? Бул иш айыл өкмөтүнүн колунан келбейт, Сиздер жардам көрсөтүп, жайыт жер кылып берсеңиздер болмок?

 

Жооп: Андашев Турдубек- Ысык-Ата   райондук    агрардык  бөлүмүнүн башчысы

Урматтуу катышуучулар, уруксат берсеңиздер бул суроого мен жооп берип койсом. Байке, жайыт деген алыскы, ортоңку жана айыл ичиндеги жайыт болуп бөлүнөт. Бул маселени чечүү үчүн биз Суусамыр өрөөнүндөгү көпүрөнү толугу менен оңдоп жасап, азыр Кочкорбаев, Нурманбет, Туз, Интернационал айыл өкмөтүнүн малдары  жайытка Суусамыр  өрөөнүнө чыгарылат. Саан уйдан башкасы ошол жака даярданып, ошол жака чыгышсын, же бөксө жайытка чыгарышсын. Ал эми айыл ичиндеги жайытка саан уйлар гана калсын. Ошондой эле жердин категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  өзгөртүлөт, бул райондук деңгээлде чечиле турган маселе эмес.

 

Суроо: Элгондиев Туратбек-  Кенеш айылынын тургуну

Сиз түшүнгөн жоксуз, саан уйларга жайыт бар.

 

Жооп: Э. Керимкулов –айыл өкмөтүнүн башчысы

Келгиле урматтуу катышуучулар, бул маселени жайыт комитетинин жыйынында карайлы.

 

Суроо: Осмонов Бадырша – Кенеш айылынын тургуну

Жошкунов көчөсүнүн башталышында суу аккан ачык дренаж тазаланып жатып, казылып токтотулуп калды? Эмнеге?

 

Жооп: Ысык-Ата мелиорациялык гидрогеология кошуунунун башчысы- Халилов Х.

Мен өзүм айыл өкмөт башчыларына ушул маселе менен кат жазып кайрылсаңар аткарып берем деп айткам, бирок жакынкы арада эле мен ал кайрылууга  айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жооп таштап кеткем. Көрсө мыйзамды карасак, бул ачык дренаж айыл өкмөтүнүн балансында болуп жатат, ошол себептүү жергиликтүү башкаруу органдары өздөрү иш чара аткарууга туура келет.. Азырынча аткара албайбыз деп жооп бердик. Жогорку жактан буйрук чыкса аткарууга аракет кылбыз.

 

 

 

Суроо: Беккулов Жолдош-Курманалиев айылынын тургуну, айылдык Кенештин депутаты

Курманалиев айылынын аймагында Ысык-Ата суусу жээгин жууп, жайыт жерлерди жана үлүш жерлерди жууп жатат. Бул маселе боюнча канча жолу кайрылдык, ушул маселени чечип бере албайсыздарбы? Анан кийинки маселе  Воссан ачык акционердик коому лицензиям бар деп карьерде чар жайыт иштеп жатат, аларды токтоткула деп депутаттар канча жолу кайрылдык, ушуну токтото албайсыздарбы?

 

Жооп: Кожомкулов Калмырза Медеркулович Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы

Эгерде каршы болбосоңуздар мен ушул суроого, өзүм сүйлөгөңдө биротоло толугу менен жооп берип койсом, кандай дейсиздер? Макулсуздарбы ?

Сүйлөдү: А. Албекенов  –айылдык кенештин төрагасы

Урматтуу делегаттар, дагы кимде кандай суроо жана сунуш бар? Эгерде сурооңуздар жок болсо, “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчетун баалоону сунуштайм. Кимде кандай сунуш бар?

 

Угулду: Иманкулова Батма Жуматаевна-Кенеш айылынын тургуну

Урматтуу Курултайдын катышуучулары, урматтуу делегаттар! Мен өзүмдү тааныштырып кетейин, мен- Батма Жуматаевна, Эми баарыңыздар эле тааныйсыздар. Мен бүгүн ушунчалык кубанып жатам, Бейиш Энелердин таман алдында демекчи, бүгүн айыл ичиндеги апаларды сыйлап, Ардак Грамота бергениңерге мен ыраазы болдум. Айылыбызда иштин түптөлүшүнө апалар да чоң салымын кошкон. Ушул апалар өздөрүнүн жаштыгын, бут өмүрүн колхозго, элге кызмат кылууга арнаган. Мына Эркинбек Керимкулов бир жыл болду кызматка келгенине, мына татынакай кылып, ийне –жибине чейин акча каражаттары кайда кеткенин, эмне иш кылынганын айтып отчет берди. Эмне дейт элем, айыл тургундарыбыз бүт ишти өзүбүз чечебиз, айылыбыздын жашоосун өзүбүз жогорулатабыз. Өзүбүз чечпесек эч ким келип бизге чечип бербейт.  Акыркы жылдары айылды көтөрүү үчүн айылыбызда көптөгөн жаштар өсүп жатат, бирок жетекчи деген жетекчи, ошолорду жетектеп жолго салып жатат.  Мына маданият үйүбүздү бүтүрдүк, аялдар кенеши тарабынан айтып жатабыз, эми ушул имаратты иштетсек. Бул жерди жакшы жолго койсок, бул жерден да бюджетке каражат түшөт. Бала бакча деп сурандыңыздар, албетте куруп койсок жакшы болот. Менин акимге айта турган бир нерсем бар, Кенеш орто мектебинин жанында РайПОнун имараты бар, ошол имаратты сатып алыппы, алып туруп, оңдоп түзөп, спорт комплекси кылып койгонго көмөк көрсөтсөңүздөр?

 Чогулуп бир татынакай спорт комплекс ачсаңыздар, жаштар үчүн абдан жакшы шарт түзүлмөк. Эми Эркинбек Керимкулов бир жыл ичинде абдан жакшы иштерди жасады, мен кубанып жатам. Эгерде баалоо болсо мен мугалим катары “беш” деген баа берет элем. Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт.  Өз маселебизди жапа тырмак өзүбүз чечсек, Кыргыз Республикасы боюнча алдыга чыккан айыл өкмөттөрдүн бири болот элек. Жаз келе жатат эмне себебиз, майрамдар келе жатат аларга даярданалы, урушпай –талашпай ынтымактуу жашайлы! Рахмат!

 

Угулду:  Далбаев Сталбек- Д. Курманалиев айылынын тургуну  

Саламатсыңарбы урматтуу жердештер, бир жыл ичинде ушунча көп иш жасалыптыр, бул үчүн рахмат! Отчетту уктум, анан бир суроо ойго келди. Албетте ар бир иш жазалып жатканда оппозиция болуш керек.  Бирок айтаардан мурун ойлонуш керек, мен ошонун ордунда болсом бул ишти жазай алат белем? –деп. Мына Кенеш жана Буденновка айылдарында көп иш жасалыптыр, бирок Д.Курманалиев айылында 2017-жылы балдар ойноочу аянт жазалып, көчөлөргө жарыктандыруу гана орнотулду. Бирок  анын  да  алтысы күйүп, экөө күйбөй калды. Жуурканыңа жараша бутуңду сун дейт. Спорт дейсиңер, биздин айылда деле спортту өнүктүрсө болбойбу? Балдар ойногонго футбол, волейбол ойноочу аянт жазаса болобу? Айыл өкмөтү тең караса, Курманалиев айылына да карап койсоңуздар? Керимкулов Эркинбектин аткарган жумушу көп экен, дагы алдыда көп иш пландаштырууда. Мен Батма эженердей беш деп кое албайм, мындай иш чарада  баа коюлбайт. Мен ишин канааттандырарлык деп айтат элем. Акимге, райондук мекемелердин жетекчилерине келгенине чоң рахмат!

 

Сүйлөдү: А. Албекенов -айылдык Кенештин төрагасы

Анда эмесе көпчүлүктүн сунушу менен Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономиканы өнүктүрүү  планынын аткарылышы жөнүндө”  отчетун  “канааттандырарлык”  деп  табылсын.

Добушка коюп койсок:

Макул- 159,  каршы –жок , калыс – жок

 

Курултайдын жыйынтыгын тааныштыруу үчүн сөз кезеги жооптуу катчы Л. Суюнтбековага берилет. Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова чечимди окуду. (Чечим тиркелет)

 

Сүйлөдү: А. Албекенов -айылдык Кенештин төрагасы

Сөз кезеги Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожомкулов Калмырза Медеркуловичке берилет.

 

Сүйлөдү: Кожомкулов Калмырза Медеркулович- Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы

Саламатсыздарбы урматтуу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн тургундары, делегаттар! Мурун иш чаранын баары мектептин залында өтчү эле. Мына бүгүн мен бул Маданият  үйүндө  өтүп жатканын көрүп кубанып жатам.   “Ыйман, адеп жана маданият жылында” маданият үйү оңдолуп, маданият үйүндө өткөрүлүп жатат. Бул дагы жакшы жетишкендик.

Мына бүгүн айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин кайда кеткенин бир тыйынына чейин ачып айтып берди, ошол себептен да тургундардан суроо жок болду окшойт.

Ушул Исак Кочкорбаев деген аксакал айылыңарга өзүнүн көп эмгегин арнады эле, силер ошол аксакалдын  наамын алып жүргөн айыл өкмөтү экени менен сыймыктанам.

Биз социалдык –экономиканы өнүктүрүү планындагы  баардык иш аракеттердин жакшы жыйынтыгын көрүп турабыз.  

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланып, биздин районубузда да ушул жылы көп иштер аткарылышы күтүлүүдө.

Элгондиев Туратбек, Сиздин сурооңузга канааттандыраарлык жооп бере албай калдык окшойт. Эми жерлер да категориядан турат аны да түшүнүп коюңуз.  Курманалиев айылынан болсо Ж. Беккулов суроо берди эле, эми карьер болсо, лицензиясы болсо жер берилип жатат.  Ал эми суунун жээгин жууп жатканы боюнча былтыр Премьер –министр өзү карап чыгып,  Чу суусунун жээгиндеги 26-32 чакырымдагы суунун жээгин жазады. Быйылкы жылы да, ушул маселени жогорку органдарга жазып чечүүгө аракет кылабыз.

Жакында Суу пайдалануучулар ассосациясында чогулуш болуптур, эми жаз алдында сунушум, тазалык боюнча баштасаңар, жакында жаз келип күн жылыса, суу эрип турак жайларды суу каптап баштайт. АВПга жаңы жетекчи келиптир, эми алдыга планын коюп жатат болуш керек.

Былтыркы жылы инвестиция менен көп иш жазалды, бала бакча, мектеп, суу мунарасы, жарыктандыруу. Эми быйылкы жылы дагы ушул иш аракет уланат деп ишенем.

          Мына жакында эле Буденовка орто мектебине Туркия Республикасынын Кыргыз Респуликасындагы толук ыйгарымдуу Элчилиги келди. Буйруса келээрки жылда Буденовка орто мектебинин сыртын толугу менен жазап беребиз деп пландашышты.

Бюджет боюнча угуп отурсам, жер салыгы  аткарылбай жатыптыр,  1407,0 миң сом экен.  Ушул акча каражатын чогултсаңар дагы көп нерсени чечкенге мүмкүнчүлүгүңүздөр болмок. Бул айыл өкмөтү борбордук трассада жайгашып, анан дотациядагы айыл өкмөтү экени кейиштүү. Дотациядан чыкканга көптөгөн мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Дагы ГФСУ жерлерин 2500 сомдон ижарага берет экенсиздер экен. Бул ижара баасын да көбөйтсөңөр болмок.  Эми ушул сыяктуу каражат издеп, дотациядан чыгат деп ишенем. Алдыдагы 2018-жылга карата  социалдык өнүгүү планын көрдүм, дагы чоң-чоң пландар коюлууда. Эми ынтымакта иштеп, ишиңерде ийгилик болот деп ишенем. Баарыңыздарга ден соолук, тынчтык, береке каалайм. Чоң рахмат!

 

Сүйлөдү: А. Албекенов -айылдык Кенештин төрагасы

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын аймактын  2017- жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча планынын аткарылышы боюнча отчетун уктуңуздар, менин айтайын дегеним биз дагы депутаттар, ушул  пландардын аткарылышын көзөмөлдөп, жардам көрсөтүп, колдон келген салымыбызды салдык. Мына жарыктандыруу орнотууда да биздин салымыбыз бар. Буга чейин айтылгандай мен да айткым келет, быйылкы жылы да аткарыла турган пландар бар.

Сөзүн аягында айтаарым, айылыбызда тынчтык болсун, ынтымак болсун, өнүгүп өсөлү!

Урматтуу тургундар эгерде Сиздер макул болсонуздар, жыйыныбызды жабык деп жарыялайбыз. Добушка коюп койсок.

Макул -159,  каршы –жок , калыс – жок

Анда эмесе жыйынды жабык деп жарыялайм. Саламатта болунуздар!

 

 

Кочкорбаев айыл