Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ибрагим Султанов дүйнөдөн кайтты

14 Февраля 2022

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ибрагим Султанов дүйнөдөн кайтты

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ибрагим Султанов дүйнөдөн кайтты

    Кочкорбаев айыл аймагына караштуу Буденовка айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ибрагим Султанов 95 жаш курагында көз жумуп, Ысык-Ата райондук Улуу Ата мекендик согуштун ардагер кеңеши орду толгус оор жоготууга учурда. 

    Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуралы Курмантаев, райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары Сардарбек Кайыпов, райондук  ардагерлер кеңешинин төрагасы Сатыбалды Осмоналиев, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы  Эркинбек  Керимкулов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана маркумдун жакындары, айылдаштары катышты.

   Ибрагим Султанов райондо калган жалгыз Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери болгон, дуйнөдө өткөнүнө байланыштуу анын уул-кыздарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.