Социалдык аралыкты сактоо деген эмне?

11 Мая 2020

Социалдык аралыкты сактоо деген эмне?

Социалдык аралыкты сактоо – бул коомдук жайларда адамдар ортосундагы байланышты мүмкүн болушунча азайтуу. Ал адамдан адамга жугуучу оорунун жайылуусун басаңдатууга багытталган адамдар ортосундагы белгилүү бир аралыкты сактоону билдирет.

Бүгүнкү күндө COVID-19 тарабынан пайда болгон инфекциянын пандемия шартындасоциалдык аралыкты сактоо коомдук жайларда (дүкөн, дарыкана, жумуш ж.б.) болууга мажбур болгон бардык жарандар үчүн өзгөчө актуалдуулукка ээ болду. Социалдык аралыкты сактоо инфекциянын жайылышынын болуп көрбөгөндөй өсүүсүн токтотууга түрткү берет.

Үйдөн чыгуу муктаждыгын кыскартуу үчүн:

  • Видео чалууларды же видео конференцияларды пайдалануу менен аралыктан иштөө ыкмасына өткүлө
  • Мүмкүнчүлүккө жараша үйдүн, батирдин же кеңсенин босогосуна чейин жеткирүүчү кызматтарды пайдалангыла

Социалдык аралыкты сактоонун негизги принциптери

Үйдөн же жумуштан чыгып жатканда:

  • Жаныңарга маршруттук баракча жана паспортту алууну унутпагыла
  • Жаныңарга спирт камтылган антисептик (70%дан кем эмес) жана эшиктерди ачканда, лифттин баскычтарын басканда, банкоматтарды ж.б. колдонууда пайдалануу үчүн бир канча даана таза кагаз кол аарчыларды салып алгыла
  • Коомдук транспортко түшүүдөн качкыла
  • Жөө, велосипед же жеке автоунаада жалгыз же өз үй-бүлө мүчөлөрүңөр менен гана, автоунаанын терезелерин ачып жол жүргүлө.
  • Коомдук жайларда (дүкөн, банк, дарыкана, блок-посттор ж.б.) башка адамдар менен 1-1,5 метр аралыкты сактагыла.
  • Жөтөлүү этикетин жана колдун гигиенасын сактагыла

Жумушта:

  • Кесиптештердин ортосунда 1-1,5 метр аралыкты сактагыла жана кол алышуу, кучакташуу, өбүшүүдөн качкыла
  • Жумушчу жана кызматтык бөлмөлөрдү тез- тезден желдетип тургула
  • Жалпы колдонулуучу буюмдар (эшиктин туткалары, стэплер, оргтехника) менен байланыштан кийин колду жууп же антисептик менен тазалоо аркылуу колдун гигиенасын сактагыла
  • Колуңар менен бет, ооз, мурун, көздү кармабаганга аракеттенгиле жана бул үчүн кагаз кол аарчыларды пайдалангыла.
  • Оргтехника, кеңсе шаймандарынын жумушчу беттерине, эшиктин туткаларына тез-тезден дезинфекция жасап тургула
  • Бир жолу колдонулуучу же жеке идиш, кружка, кашыктарды пайдалангыла.