"40 райондон 40 демилге"

07 Февраля 2024

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) ""40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин             2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтомун ишке ашырып келет. 

Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча             8 (сегизге) чейин инновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды каржылоого каражаттар каралат. Тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин, стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин өлчөмдөгү акча каражаты берилет.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жж. өткөрүлгөн тандоодо Чүй облусунан 2 инновациялык демилге жана 1 стартап тандоонун этаптарынан ийгиликтүү өтүшүп, Кыргызпатент тарабынан колдоого алынды.

 

 

Жобого ылайык, долбоорлор 5 (беш) айдын ичинде каралат, тандоо    3 этап менен өткөрүлөт.

Кыргызпатент 2024-жылдын 1-февралынан тартып 30-апрелине чейин

2024-жылга өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштады. Тандоого жеке новаторлор,  ошондой эле долбоордук топтор катышууга чакырылат. Тандоонун жобосунун 12-пунктуна ылайык, катышуучулар өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрация аркылуу Кыргызпатентке берүүсү зарыл.

Ушуга байланыштуу, Сиз жетектеген аймактык администрацияларга 2024-жылы боло турган тандоо жөнүндө маалымат жеткирүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз. Тандоо өткөрүүнүн тартиби жана талаптары жөнүндө маалыматтар тиркелет.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кочкорбаев айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот: